24 Ocak 2011 Pazartesi

Табият Баяны

Табият Баяны

Жыйырма үчүнчү Шоола

Табият түшүнүгүнөн келип чыккан атеизм пикирин кайра тирилгис кылып өлтүрөт: атеизмдин пайдубалынын таш-талканын чыгарат.

Эскертүү

Бул китепчеде, токсон маанисиздиктин ичинен тогузунун мисалында Жаратканды тануучу натуралисттердин кээ бир бөлүгүнүн жолдорунун негизи канчалык акылдан алыс, канчалык көрксүз жана канчалык даражада сандырак экендиги ачылат. Рисале-и Нурдун башка китептеринде жогорку туура эмес түшүнүктөр өзүнчө кеңири баяндалган. Бул жерде абдан кыскартылып берилгендиги үчүн кээ бир бөлүктөрү алынып ташталды. Ушул себептен төмөнкү: "Кантип ошол акылдуу, таанымал философтор айдан ачык акылсыздыкты кабыл кылышып жана ал жолдо бара жатышат? деген пикир капыстан ойго келет.

Ооба, алар өз жолдорунун маңызын көрө билген эмес.

Натуралисттердин жолдорунун маңызы жана алардын пикири канчалык акылдан алыс жана алардын илиминен чыккан ылайыксыз жыйынтыгы ар бир бөлүктүн аягында баян кылынган. Мен талашсыз жана так аргументтердин жардамы менен алардын чыгарган тыянактары чындыгында эле туура эмес экендигин далилдөөгө даярмын .

Ал чабуул жүрөгүмдөгү өтө копол жана кечиримсиз ачуулануу сезимин ойготту. Ошондуктан, ал динсиздерге жана туура жолдон адашкандарга орой жана катуу сөздөрдү айтууга туура келди. Бирок Рисале-и Нурдун ыкмасы сылык жана жумшак сөз менен түшүндүрүү.

Курандагы ушул ыйык аят риторикалык суроо аркылуу «Алла Таала тууралуу шек-күмөн болбойт жана болбоосу керек» - деп айтуу менен бирге, Алланын бар жана бир экендигин талашсыз көрсөтүп турат.

Ушул Сырды Ачуудан Мурда Бир Эскертүү

Хижрий 1338-жылы (1922-жылы) Анкарага бардым. Ислам аскерлеринин Грецияны жеңүүсүнөн улам кубанычка бөлөнгөн мусулмандардын күчтүү пикирлеринин арасында өтө коркунучтуу бир динсиздик ой, бузуу жана ууландыруу үчүн абдан айлакерлик менен иш кылып жатканын көрдүм. Ой, бул кара тумоо ыймандын негиздерине чейин жетчүдөй түрү бар! - деп тынчсыздандым мен. Ошол убакытта ушул кереметтүү аяттын ачык түрдө Алланын бар жана бир экенин түшүндүргөн жагын пайдаланып, ал динсиздердин башын талкалай турган күчкө ээ болгон сырдуу китеп - Курандан алынган күчтүү бир далилди арабча китепче кылып жаздым. Анкарада "Жаңы Күн" басмаканасында бастырдым. Бирок тилекке каршы арабча билгендердин аздыгы жана бул китепчеге терең ой менен карагандардын сейрек болуусу менен бирге, абдан кыска жана нуска берилгенидигине байланыштуу чыныгы күчтүү далил таасирин көрсөтө албады. Тилекке каршы, ал динсиздик пикири өнүгүп күч ала баштады. Ошол далилди кайра түрк тилинде баян кылууга мажбур болдум. Ал далилдин кээ бир бөлүмдөрү, башка китепчелерде толук түшүндүрүлгөндүгү үчүн бул жерде кыскача жазылат. Башка китепчелерде бөлүктөргө бөлүнгөн көптөгөн далилдер бул китепчеде бириктирилген; ар бир далил ал китептин бөлүктөрү болуп саналат.

КИРИШ СӨЗ

Оо, адам баласы! Билип ал, адамдардын оозунан чыккан жана динсиздик сездирген коркунучтуу сөздөр бар; ыймандуу адамдар ошол сөздөрдүн негизги маанисин билбестен колдонушууда. Ошол сөздөрдүн маанилүүлөрүнөн үчөөнү баяндайбыз.

Биринчиси: «Авжадатхул асбаб», б.а. «себептер затты жаратат»

Экинчиси: «Ташаккала бинафсихи», б.а. «ар бир зат өзүнөн-өзү формага келип, жаралат, жок болот.»

Үчүнчүсү: «Иктазатхут табиат», б.а. «табигый керектүүлүк зарыл болгондуктан, жаратылыш жаратууда».

Ооба маалым болгондой жаралган көп заттар бар жана алар жокко чыгарылбайт. Ошондой эле ар бир зат, чеберчилик жана акылмандуулук менен пайда болууда. Бүткүл жандуулар, мурунтан эмес жаңыдан болууда. Оо, Кудайга ишенбеген адам, кандай гана болбосун бул затты, (мисалы бул айбанды):

биринчи,- ааламдагы себептер жаратууда. б.а. себептердин биргелешүүсү менен ошол зат пайда болууда же

экинчи,- ошол зат өзүнөн-өзү пайда болууда же

үчүнчү,- жаратылыштын зарылдыгынан, анын таасири менен пайда болууда же,

төртүнчү, бир Улуу Кудуреттүү Бирөөнүн кудурети менен жаратылууда.

Акыл боюнча бул төрт жолдон башка жол жок. Эгерде оболку үч жол туура эмес, адашкан, болушу мүмкүн эместиги даана далилденсе, төртүнчү жол болгон Кудайдын жалгыздыгы айдан ачык, шек-күмөнсүз туруктуу бойдон калат.

ОШЕНТИП, БИРИНЧИ ЖОЛ: Ааламдагы себептердин бир жерге топтолушу менен заттардын белгилүү бир формага келүүсү жана макулуктардын пайда болуусу. Бул пикирден пайда болгон маңызы жок көп пикирлерден үчөөнү гана баяндап кетебиз.

Биринчи: Кандайдыр бир дарыканада түрдүү-түрдүү нерселер менен толтурулган жүздөгөн айнек-идиштер бар деп элестетели. Ошол идиштердеги материал- дардан жандуу май (мазы) жасоо талап кылынды. Аны менен бирге ошол материалдардан укмуштуу кереметтүү тирүү дары жасоо керек болду. Карасак, ошол дарыканада жанагы жандуу майдын жана тирүү дарынын көптөгөн идиштерде даяр тургандыгын көрдүк. Ошол айнек-идиштердин ар бирин изилдеп көрүп, белгилүү өлчөм менен бир-эки дирхам (1-дирхам = 3 грам) мындан, үч-төрт дирхам тигиден, алты-жети дирхам башкасынан, ушунтип ар бир бөлүктөн түрдүү-түрдүү өлчөм менен алынып даярдалгандыгын байкадык. Эгерде бир идиштен бир дирхам өзүнүн өлчөмүнөн аз же көп кошулса ошол май жандуу болбой калат, касиетин жоготот. Ошондой эле, ошол тирүү дарыны да изилдедик. Бул дары да ар бир идиштен белгилүү өлчөмдө алынып жасалган. Эгерде кайсы бир идиштен атомчолук өлчөмдө аз же көп кошулса анда бул тирүү дары касиетин жоготот. Ушул элүүдөн ашык идиштердин ар биринен башка-башка ченемдерде бөлүктөрү алынып даярдалган.

Эми ошол жандуу дары жана майдын (мазы) даяр болушу үчүн, ошол идиштердеги материалдар кокусунан же болбосо шамалдуу абанын таасири менен төгүлүп, ар биринен алынган өлчөм канчалык болсо, ошончолук бөлүгү агып, бирге топтолуп идиштерге жыйналышсын да, так ошол дарыны жана майды жасашсын? Кызык, мунун кандайдыр бир жактан болушу мүмкүнбү жана ыктымалдуулугу барбы? Мындан өткөн ырым-жырым сандырактык же адашкандык барбы? Эшек эки эсе эшек болсо, андан кийин адамга айланса, анан бул окуя ага айтылса «Бул пикирге каршымын» - деп, качып кетмек.

Мына ушул мисал сыяктуу, ар бир жандуу нерсе албетте, кандайдыр бир жандуу май сыяктуу... жана ар бир өсүмдүк, кандайдыр бир тирүү дарыга окшош. Себеби, бул өсүмдүк жана жаныбарлар, көптөгөн химиялык элементтерден, түрдүү-түрдүү материалдардан абдан тактык менен ченелген өлчөмдөрдөн түзүлгөн. Эгерде ошону кандайдыр бир себептерге жана элементтерге оодарып берилсе, «себептер жаратты» деп айтса, так эле айтылып өткөн мисалдагы дарыканадагы майдын, идиштердин төгүлүүсүнөн пайда болгону сыяктуу жүз эсе акылдан алыс, сандырактык жана адашкандык болот.

Жыйынтык: Бул чоң дарыканага окшогон ааламда, жандуу нерселердин жашоосуна керектүү болгон материалдарды жасоо жана ошол элементтерди алардын денесинде белгилүү мыйзам менен иштетүү үчүн; бир эле Түбөлүктүү жана чексиз Акылмандуу болгон Аллада бар болгон учу-кыйырсыз илим жана бардык нерсени камтыган эрк болуусу керек. Же болбосо жандуулардын пайда болуусу «сокур, дүлөй, чеги жок сел өңдүү аккан жалпы элементтердин, бөлөк-бөлөк матариал- дардын жана себептердин иши» деген, айтылып өткөн мисалдагы «укмуштуу тирүү дары өзүнөн-өзү идиштердин төгүлүүсүнүн натыйжасында пайда болгон» деген акылсыз, байкуш бир тантыроочу акмактан да бетер акмак болот. Ооба, ошол атеизим - бул акылсыз, маанисиз акмакча бир дөөдүрөө болот.

Экинчи: Эгерде бардык зат Вахид-и Ахад жана Улуу Кудуреттүү Алла жаратты деп айтылбастан, себептер аркылуу пайда болду деп айтылса, анда ааламдын абдан көп элементтери жана себептери, ар бир жандуу нерсени жара- тууда катышуулары керек болот. Ошондой болсо да, чымын өңдүү кичинекей бир жандыктын эң улуу гормонияда, аябай тартиптүүлүк менен так өлчөмдө жана да чексиз байланыштыктагы денесинен түрдүү-түрдүү, бири-бирине карама-каршы жана айырмаланган себептердин, элемент- тердин жыйналуусу - ушунчалык ачык сандырактык - чымындын канатынчалык аң-сезими болгон адам: «Бул мүмкүн эмес, мындай болбойт!» деп айтат.

Себеби бир чымындын кичинекей денеси ааламдын көптөгөн элементтери жана себептери менен байланышта, атүгүл алардын мазмуну, жыйынтыгы. Эгерде ошол чымынды Түбөлүктүү Кудуреттүү Алла жаратты деп айтпасак, анда ошол материалдык себептер жана элементтер чымындын денесинин жанында аны менен бирге даяр турушу зарыл; жадагалса, ошол кичинекей чымындын денесинин ичине кирип иштөөлөрү керек. Атүгүл бир клеткасына кирип, иштөөгө мажбур болот. Анткени, эгер ал себеп материалдык болсо, жаратылып жаткан заттын жанында жана ичинде болууга туура келет. Анда, эки чымындын ийненин учу сыяктуу буттары батпаган клеткада, ааламды түзгөн негизги заттар, элементтер жана жаратылыш өз материалдары менен ошол клетканын ичинде болуп, уста сыяктуу клеткада иштешин кабыл кылуу керек. Мына, софистердин эң акмактары дагы мындай пикирден уялышат.

Үчүнчүсү:

деп кабыл кылынган эреже менен «бир нерсе жалгыз жана өзгөчө болсо, албетте ал жалгыз бирөөдөн, бир колдон жасалышы мүмкүн». Өзгөчө, бул жаратылган нерсе аябай так тартип, кылдат мыйзам ичинде жана жалпы жашоо даражасына ээ болгон болсо, анда келишпестик жана баш аламандык себеп боло турган көптөгөн "колдор" аны тузө албоосу айкын белгилүү болот. Тескерисинче, ошол жанды абдан Кудуреттүү жана Акылдуу бир кол гана түзгөнүн көрсөтөт. Буга карабастан, чеги жок, жансыз, акылсыз, кол салуучу, аң сезимсиз жана баш аламандык ичинде ошол себебтердин жана элементтердин сокурдугу, дүлөйлүгү канчалык күч алса да; ошол тартиптүү, ырааттуу түрдө жалгыз (окшошу табылгыс) жаратылганды ал себептерге берип, "себептер жаратты"- деп айтуу жүз сандырактыкты чогуу кабыл кылуу сыяктуу акылга сыйбайт.

Макул, бул маанисиздикке көзүбүздү жумалы, албетте материалдык себептердин таасирлери, жанашуу жана байланыш аркылуу. Бирок бул табияттын себептери менен тирүү жандыктардын байланышы сырттан болот. Ошондой болсо да көрүү- дөбүз: ошол материалдык себептердин "колдору" жетпеген жана алар кийлигише албаган жандуулардын ички түзүлүшү сыртына караганда он эсе ырааттуураак, назигирээк, чеберчилиги боюнча да кемчиликсиз. Материалдык себептердин колдору жана аспаптары, эч кандай жактан кичинекей жандыктарга жайгаша албайт. Атүгүл ошол заттардын көрүнүшүнө да толук кол тийгизе алышпайт. Ошол кичинекей жандыктар жана жаныбарлар, чеберчилик боюнча эң чоң макулуктардан да ажайып чебердүү, жаратылышы боюнча укмуштай теңдешсиз кебетеге кирүүдө. Бул учурда жансыз, сабатсыз, копоол, узак, чоң жана бири-бирине тескери болгон дүлөй, сокур себептер жаратты деп айтуу андан да жүз эсе сокурдук, миң эсе дүлөйлүктөн келген.

ЭКИНЧИ ЖОЛ: «Ташаккала би нафсихи», башкача айтканда, өзүнөн-өзү пайда болууда, кейипке кирүүдө. Мына бул сүйлөмдүн да көптөгөн сандырактары бар. Көп жактан мүмкүн болбогон жана орунсуз бир пикир. Ушуга байланыштуу үч мисал баян кылабыз.

Биринчиси: Эй Кудайга ишенбеген өжөр адам! текеберчилигиң сени ушунчалык акмакташтырып, акылга сыйгыс, болушу мүмкүн эмес жүз нерсени чогуу кабыл кылууга даярсың. Анткени сен жаралгансың. Жөнөкөй, жансыз жана өзгөрбөй туруучу зат эмессиң. Сенин денең ар дайым жаңыланган, аябай тартиптүү бир механизм жана ар дайым өзгөрүп турган укмуш бир имарат сыяктуу. Сенин организмиңде атомдор токтоосуз иштеп жатат. Сенин денең айрыкча ырыскы жагынан жана тукум улануусу жагынан аалам менен өз ара байланыштуу жана алакасы бар. Сенин организмиңде иштеген атомдор ошол байланышты бузбоо жана ошол алаканы үзбөө үчүн көзөмөлдөөдө. Кудум бүткүл ааламга карап жатышкандай этияттык менен кадамдарын алмашты- рышат. Сенин аалам менен бүт байланыштарыңды көрүп ошого жараша бир позицияны ээлешет. Ошол атомдорундун укмуштуу позициясына (абалдына) карата сырткы жана ички сезимдериңди менен, пайдаланасын.

Эгер сен денеңдеги атомдорду, Түбөлүктүү Кудуреттүү болгон Алланын мыйзамы менен иш кылган кичинекей аткаруучулары же аскерлери, же болбосо Тагдыр калеминин учтары деп кабыл кылбасаң; мындай айтканда ар бир атом бир калем учу же кудурет калеминин чекити, ар бир атом бир мүчөнүн аныктоочусу болгонун кабыл кылбасаң, анда сенин көзүңдө иштеген ар бир атомго ушундай көз керек дейсин;

ушул атом сенин денеңдин бардык жагын көрүү менен бирге

1-сен байланышта болгон бүткүл ааламды да көрө турган көзү

2-сенин бардык өткөн чагыңды жана келечегинди,

3-урук-тукумуңду жана денеңдеги элементтердин булактарын

4-ырыскыңдын башатын биле турган жана тааный турган жүз данышмандын (гений) ойчулдун акылындай бир акыл ар бир атомго берүү керек болот. Болбосо эч бир жандуу бул атмосферада жашай албайт. Мындай маселелерде атеист өңдүү атомчолук акылы болбогон адамдын денесиндеги бир атомуна миң Платондун илиминдей бир илим жана аң сезим берүү керек, бул болсо миң эсе келесоочо бир сандырактык болот.

Экинчиси: Сенин денең кандайдыр бир миң куполдуу (күмбөздүү) укмуш бир имаратка окшош: ар бир куполдо таштар түркүксүз бири бирине жөлөнүшүп асылып тургузулган. Сенин денең бул имараттан миң эсе таң калычтуу. Анткени, ошол имараттын таштары сыяктуу сенин денеңдеги клеткалар жана атомдор кылдаттуу бир тартип менен токтоосуз жаңыланууда. Абдан укмуш болгон рух, жүрөк жана рухий сезимдер мындай турсун, жалгыз гана денеңдеги ар бир мүчө, бир куполдуу имарат сыякту. Атамдор ал куполдогу таштар сыяктуу бири-бирине толук тең салмактуулук жана тартип менен таянышып; абдан сонун имарат жана укмуштай чеберчилик болгон ошол көз жана тил сыяктуу бирден ажайып кудурет кереметтерин көрсөтүшүүдө.

Эгерде бул атомдор, ушул Ааламдын Устасына моюн сунган аткаруучулары болбосо анда ушул денедеги ар бир атом бир эле:

1- денедеги бардык атомдордун үстүнөн сөзсүз башкаруучу..

2-ар бир атомдорго сөзсүз көз каранды..

3- алардын ар бирине окшош..

4- башкаруучулук жагынан карама-каршы..

5- ошол атом бир гана Важиб-ул-Вужуд болгон Аллага тиешелүү көпчүлүк сыпат- тын борбору, булагы..

6- ары абдан чектелген..ары бардык нерсени камтыган бир түрдө болуусу зарыл. Бирдик сыры менен жалгыз гана бир Вахид-и Эхад болгон Алланын чыгармасы боло алган абдан ырааттуу бир чеберчилик менен жаралган денеңин курулушун ошол чексиз көп атомдорго ыйгаруу: атомчолук аң-сезими бар адам мунун айдан ачык бир гана эмес, жүз эсе келесоочулук экенин түшүнөт.

Үчүнчүсү: Эгер өтө манилүү бир катка окшогон сенин денең, Вахид-и Ахад жана Кадир-и Эзелинин болгон Алланын калеми менен жазылган каты болбосо анда табият жана себептер жазган болот. Анда сенин денеңдеги бир клетканы калыпынан баштап бир-бири ичинде айланалар сымал миңдеген тамырлар, сөөктөр жана мүчөлөр сыяктуу түзүлүштөрдүн саны канча болсо ошончо табият калыптары болуусу керек. Анткени, мисалы бул колубуздагы китеп эгер жазыл- ган болсо, бир гана калем жазуучусунун илими менен бардыгын жазат. Эгерде ал жазылган болбосо жана жазуучунун калемине берилбесе, «өзүнөн өзү пайда болду» деп айтылса же болбосо жараты- лыштан пайда болсо анда басмаканада басылган китеп сыяктуу ар бир тамганын жазылуусу үчүн бөлөк темир калем (тамга) керек. Ошондой болбосо китеп пайда болбойт.

Мисалы, басмаканада китептеги тамгалардын санына жараша темир тамгалар бар, ошол темир тамгалар менен китептеги тамгаларды пайда кылат; анда бир гана калемдин ордуна ошол тамгалардын санына жараша темир калемдердин болуусу тийиш. Эгерде ошол тамгалардын бирөөсүнүн ичинде; кээде болгондой чоң бир тамгада, кичинекей калем менен бир бетти толтуруп жазган болсо, миңдеген темир калем бир гана ошол чоң тамга үчүн керек болот. Атүгүл, мүчөлөрү бири-биринин ичине кирип ырааттуу бир ахыбал менен сенин денең сыяктуу бир кебете-кейипке кирсе, анда ар бир мүчөнүн, бардык бөлүктөрү үчүн ошол түзүлүштөр санынча калыптар керек. Мейли, акылга сыйгыс болгон бул жүз мүмкүнсүздүктү кабыл кылсаң да бул тартиптүү, чебердүү темир тамгаларды, кемчиликсиз калыптарды жана калемдерди бирөө жасады деп айтылбаса, ошол калемдер, ошол калыптар, ошол темир тамгалардын жасалуусу үчүн алардын санына жараша кайра эле калемдер, калыптар жана тамгалар керек. Анткени, алар да жасалышкан жана алар да тартиптүү, чебердүү жана башка- ...ошондойчо кеткен сайын кете берет...

Мына эми, сен да түшүн! бул пикир ушундай пикир дейсиң: ал пикирдин ичинде, сенин денеңдеги атомдордун саны канча болсо ошончо тантыктыктар жана сандырак- тыктар бар. Эй өжөр бузуку адам! Сен да уял, бул адашуучулуктан баш тарт!..

ҮЧҮНЧҮ ЖОЛ: «Иктазатхут-табият» Башкача айтканда, табият жаралышын талап кылууда, табият жасоодо.

Мына бул пикирдин да көптөгөн мүмкүнсүздүктөрү бар. Мисал катары үчөөнү баян кылабыз.

Биринчиси: Эгерде байкалып жаткан макулуктарда, айрыкча жандуу- лардын чебердүүлүгү жана жаратулуусу илим менен, акылмандуулук менен Шемс-и Эзели болгон Алланын тагдыр жана кудурет калемине таандык кылынбаса, алар ошол сокур, дүлөй, түшүнүксүз болгон табият жана бир күчкө таандык кылынса, анда ошол табият жаратуу үчүн бардык нерседе материалдык эмес механизмдери жана басмаканалары бар болушу керек, же болбосо ар бир жаралган нерседе ааламды жарата турган жана башкара турган бир кудурет жана акылмандуулук болуусу тийиш..

Анткени, мисалы, күндүн шоолалары жана чагылуулары, жер бетиндеги майда-майда айнек сыныктарында жана суу тамчыларында көрүүнүүдө. Эгер ушул чагылган кичинекей күндүн көрүнүүлөрүн асмандагы тийип турган күнгө таандык кылынбаса, анда бир ширенке (күкүрт) талынын башы батпаган кыпындай айнек сыныгынын ичинде кандайдыр бир табийгый, материалдык көлөмүндө кичине, бирок абдан терең, асмандагы күндүн сапаттарына ээ болгон айнек сыныктардагы майда күндөрдү кабыл кылууга туура келет. Атүгүл, айнектердин канчалык атомдору болсо ошончолук табийгый күндөрдү кабылдоо керек болот. Ошондой эле так ушул мисал сыяктуу, бүткүл маклуктар жана жандуулар түздөн түз Шемс-и Эзели болгон Алланын ысымдарынын чагылуу- ларына таандык кылынбаса, ар бир тирүү заттын ичинде кандайдыр бир чексиз кудуреттүү, эрктүү ары билгич жана акылман бир табиятты, бир күчтү, кудум бир Кудайдын бар экенин моюнга алууга тура келет. Мындай пикир болсо, бүткүл ааламдагы акылга сыйгыс пикирлердин эң орунсузу, эң жөнсүзү болот. Ааламдын жаратуучусунун көркөм санаттарын манисиз, аң-сезимсиз бир табиятка ыйгарган адам, албетте айбандан жүз эсе айбан жана аң-сезимсиз болгонун көрсөтөт.

Экинчиси: Эгерде абдан ченемдүүлүк, тартиптүүлүк грмонияда, чебердүүлүк жана акылмандуулук менен жаралган дүйнө чексиз кудуреттүү, акылмана болгон бирөөгө таандык кылынбаса, табияттан пайда болду деп айтылса, анда ушундай натыйжа чыгат: ар бир бөлүк топуракта, андан чыккан жана токулган түркүн-түркүн гүлдөр жана мөмөлөрдүн өсүүсүнө жана кейипке (формага) келүүсүнө себеп болуусу үчүн, Европанын бардык механизмдери жана басмаканалары канча болсо, табияттын жеринин ар бир кичине бөлүкчөсүндө ошончо механизимдер жана басмаканалар болмок. Анткени, бир кесе топуракка ичине уруктар кезек менен себилсе, бүткүл гүлдөр сыңары өсүп чыгат. Бул гүлдөр бири-биринен абдан айырмалуу топтордо жана кебетеде өсүп чыкканы көрүнүүдө. Бул топторду жана алардын кебетелерин мындай өзгөчө кейиипке келтирген жана сүрөттөгөн бир талант ар бир бөлүк топуракта бар экендигин билдирет. Эгер бул талант, өтө айбаттуу ар нерсеге күчү жеткен Аллага ыйгарылбаса, анда ошол кеседеги топуракта ар бир гүл үчүн рухий, бөлөк, табигый бир станок бар болууга тийиш. Антпесе, ал гүлдөр пайда боло албайт.

Анткени уруктар болсо, алар дагы айбанаттардын үрөндөрү жана жумурткалары сыяктуу түзүлүштөрү бир материалдан турат. Башкача айтканда, алардын курамында суутек, кычкылтек, көмүртек жана азоттун иретсиз, тартипсиз камыр сыяктуу аралашуусунан түзүлөт. Аны менен бирге; аба, суу, жылуулук, жарык дагы ар бири жөнөкөй аң-сезимсиз жана сел сыяктуу бурулган жакка кете берет. Ошондуктан чексиз көп гүлдөрдүн кейипке келүүлөрү түркүн-түркүн жана абдан ирээтүү жана көркөм-санаттуу бир абалда ошол топурактан өсүп-чыгуулары Кудайга ыйгарылбаса төмөнкү пикирди моюнга алууга туура келет. Мааниси жагынан Европадагы фабрикалар санынча, рухий жана көлөмү кичине басмакана- лардын жана фабрика-заводдордун бир гана кеседеги топуракта бар болуусун кабыл этүүдөн башка вариант(жол) жок. Анткени аба, суу, жылуулук, жарык жана топурак өсүмдүктөрдөгү жасалгаланган жыттуу көптөгөн көрүнүштөгү тирүү кездемелерди токуусу мүмкүн эмес.

Ошентип, табиятчылардын (натуралисттердин) бузуку пикирлери канчалык акылдан алыс экенин салыштырып көр. Табиятты « жаратуучу» деп ойлогон адам сүрөтүндөгү мас акмактар «биз билимдүү жана акылдуубуз» деп айткан идеялары менен канчалык акылдан жана билимден узак кетиш- кендерин жана эч бир жактан мүмкүнчүлүгү болбогон ой-пикирлерди өздөрүнө илим деп кабыл кылышкандарын көргүн, аларга күл жана түкүргүн!

Эгер: "Маклуктардын жаратылышы табиятка ыйгарылса, чындыкка окшобогон акылга сыйгыс мүшкүлдөр, болбогондой кыйынчылыктар пайда болот. А эгер макулуктардын жаратылышы Зат-ы Ахад жана Самад болгон Аллага ыйгарылса, ошол акылга сыйгыс мүшкүлдөр кандайча жоголот, жана ошол маклуктардын жаратылышындагы кыйынчылыктар оңойлукка, жөнөкөй нерсеге кантип айланат?" - десең

Жооп: Биринчи маанисиз пикирде айтылгандай, күндүн шооласы абдан оңой, тоскоолдуксуз атомчолук бир жансыздан баштап эң чоң бир деңиздин бетине чейин чагылган кичинекей күндөр менен берекесин жана таасирин көрсөтөт. Эгер ошол деңиздин бетиндеги чагылуулар асмандагы күндун чагылуусу деп айтылбаса, анда ар бир тамчы сууда жана айнек сыныгында чагылуунун ордуна табигый жана материалы менен күндүн бар болуусу керек. Бул болсо мүмкүнсүздүк даражасында бир мүшкүлдүктү кабыл кылууга туура келет.

Так ошондой эле, ар бир жандын жаралышы түздөн түз Зат-ы Ахад жана Самад болгон Аллага таандык кылынса, зарыл түрдөгү жеңилдик, байланыш жана бир шоола менен ар бир затка керектүү болгон ар бир нерсе ага жетиштириле алат

Эгер Алла Таалага менен ушул байланыш үзүлсө жана Анын кызматкери эмес деп ар бир жандуу өзү өзүнө же табиятка таандык кылынса, анда жүз миң мүмкүнсүздүк кабыл кылгандай сандырак- тык болот. Себеби, мисалы чымын сыяктуу бир жандыктын денеси ааламдын кичи- некей бир мазмунундай абдан укмуштуу. Ошончолук мазмундуу механизмдүү болгон чымындын денесин жараткан ошонун ичиндеги сокур табияттын, бул ааламды жаратып аны башкара турган бир кудурет жана акылмандуулук ээси экенин кабыл этишибиз керек. Бул болсо бир эле эмес, балким миңдеген сандырактык болот.

Жыйынтык: Зат-ы Важибул Вужуд болгон Алланын шериги жана теңдешинин болушу мүмкүн эместигиндей эле, Алланын Рубубиятында жана тирүү жандарды жаратуусунда да башкалардын кийлигишүүсүнө орун жок жана мүмкүн эмес.

Экинчи бөлүктөгү пикир болсо Көптөгөн китептерде далилдегендей, эгер бардык жандуулар Вахид-и Эхад болгон Аллага таандык кылынса, бүткүл жандуулардын жаралышы бир эле жандын жаралышы сыяктуу жеңил болот.

Эгер себептерге жана табиятка ыйгарылса бир гана макулуктун жаралы- шы бүткүл макулуктардын жаралышы сыяктуу мүшкүл болгонун көптөнгөн жана даана далилдер менен далилденген. Бир далилдин жыйынтыгы мындайча:

Мисалы бир адам падыша менен аскердик же кызматтык байланышта болсо, ошол кызматкер жана аскер, ошол байланыш күчү менен жүз миң эсе өз күчүнөн ашык иштерди кыла алат. Өз падышасынын аты менен кээде башка бир падышаны туткунга алат. Анткени аткарган буйруктун жана кылган иштердин жаб- дыктарын жана анын күчүн өзү көтөрбөйт Анан көтөрүп жүрүүгө да мажбур болбойт. Себеби өзү багынган падышанын казыналары жана аркасындагы өзүнө таяныч болгон падышанын армиясы; ошол жабдыктарды жана күчтү көтөрүүдө. Демек кылган иштери бир падышанын иш-арекети сыяктуу эле укмуштай сонун болуп же болбосо бир армиянын жумушундай абдан чоң боло алат. Мисалы Кудайдын бир кызматкери болгон кумурска буйрук берилгенде фараондун сарайын талкалайт. Чымын дагы Кудайга багынуусу менен Немрудду өлтүрөт. Анан дагы буудай даны сыяктуу болгон карагайдын уругу, Кудайга багынуусу менен чоң карагай дарагынын бүткүл органдары менен өстүрөт.

(шилтеме; Ооба, эгер жараткан менен байланыш болсо, ошол урук Алладан бир буйрук алат, ошол укмуш иштерди кылат. Эгер ошол байланыш үзүлсө, ошол карагай дарагынын уругунун жаратылуусу чоң карагай дарагынын жаратылуусунан да ашыкча жабдыктарды, кудуретти жана чеберчиликти талап кылат. Анткени тоодо (Алланын кудурет чыгармасы болгон) өсүп чыккан карагай дарагы, уруктун ичиндеги (тагдыр менен жазылган) рухий даракта(програмада) бүткүл органдары жана жабдыктары менен бар болуусу тийиш. Анткени ошол чоң дарактын фабрикасы ошол урук. Уруктун ичиндеги тагдыр менен жазылган рухий дарак(програмада) Алланын кудурети менен жарыкка чыгат, материалдык карагай дарагы болот))

Эгер ошол байланыш үзүлсө, ошол кызматкерликтен бошотулса, кыла турган иштердин жабдыктарын жана күчүн белинде-билегинде ташып жүрүүгө мажбур болот. Анда ошол кичинекей билегиндеги күч жана белиндеги курал-жабдыктар канчалык болсо ушунчалык иш аткара алат. Мурдагы абалында абдан жеңилдик менен кылган иштерди азыркы ахыбалында кайра кылышы үчүн, албетте бир армия күчүн колуна жана бир падышанын согуштук курал-жабдык заводун белине жүктөөгө туура келет. Бул болсо, элди күлдүрүү үчүн ар кандай болбогон тантырак жомокторду айткан куудулдар да мындай ой -пикирден уялышат.

Бир сөз менен айтканда, эгерде бар болуусу зарыл болгон Алла бүткүл макулуктарды жаратты деп айтылса өтө оңой жана түшүнүктүү. Бирок бүткүл макулуктардын жаратылуусун табиятка ыйгарылуусу болсо акылга сыйгыс мүмкүн- чүлүк айланасынын тышында мүшкүл жана акыл-эстен алыс болот.

үчүнчүсү: Бул бөлүктү түшүндүрө турган, кээ бир Рисале-и Нур брошюр- аларында (китептерде) баян кылынган эки мисал:

Биринчи мисал: Элсиз аралда цивилизациянын бүткүл көркөм-чыгармалары менен кооздолуп курулган ак сарайга абдан жапайы бир адам кирет. Ичине көз жүгүртүп отуруп миңдеген тартиптүү чеберчилик менен жасалган буюмдарды көрөт. Жапайлыгынан, акмак- тагынан: «сырттан бирөө аралашпастан ушул ордо ичиндеги буюмдары менен бирге бир нерсе жасаган» деп изилдей баштайт. Кайсы нерсеге карабасын, ошол нерсе буларды жасоосун жапайы акылы да кабыл этпейт.

Андан кийин ошол ак сарайдын курулуш программасы жана башкаруу мыйзамдары жазылган бир дептерди көрөт. Чынында, ошол ак сарайды куруп кооздоого; колсуз, көзсүз жана балкасыз болгон ал дептер дагы, башка буюмдар сыяктуу эле эч кандай жөндөмгө ээ эмес. Бирок, аргасыз мажбур болуп, башка буюмдарга салыштырганда, бул дептерде ак сарайдагы програмалар жана аларды аткаруу мыйзамдарынын наамы жазылганынан, ошондой эле бул дептер аксарайдагы буюмдардын бардыгына байланыштуу экенин көрүп «Мына бул дептер ушул ак сарайды куруп, иреетке келтирип, кооздоп, буюмдарды жасап таккан жана жайгаштырган» деп, жапайылыгын акмактардын, мастардын тантыктыгына айлантыптыр. Мына, так эле ушул мисал сыяктуу, мисалдагы ордодон миң эсе ашыкча тартиптүү, кемчиликсиз жана ар тарабы кереметтүү бир акылмандуулук менен толо болгон ак сарайга окшогон ааламдын ичине Кудайды жокко чыгарууну көздөй кеткен «табият жаратты» деп ойлогон жапайы бир адам кирет. Табиятты, Важиб-ул Вужуд жана жаратылгандардын тышында болгон Алланын искусство-чыгармасы экенин ойлобостон жана Андан жүзүн буруп, бул ааламда Алланын тагдырды жазып көрсөтүүсү үчүн бир өрнөк. Ошондой эле Алла Тааланын кудуретинин ишмердигин көрсөтүү үчүн, бул ааламда койгон мыйзамдары менен ар дайым жаңыланган жана өзгөргөн бир дептери эсебиндеги бул табиятты, абдан жаңылыш жана ката айтылып жаратылыш* ысымы берилген. Алланын бул ааламда койгон жалпы мыйзамдарды жана Өзүнө таандык көркөм-санатынын мазмунун көрүп мындай дейт:« бул буюмдар кандайдыр бир себеп менен болгон; эч бир нерсе бул дептердей байланыштуу экени көрүнбөй турат. Чынында, бир гана Рубубият-ы Мутлака менен болгон жана чексиз бир кудуретти талап кылган жаратуу ишин; көзсүз, аң-сезимсиз, кудуретсиз бул дептердин чыгармасы экендигин аң-сезим кабыл этпейт: Бирок кантсе да мен Сани-и Кадим бар болгонун кабыл кылбаймын. Анда эң эле жакшысы, бул дептер муну жасаптыр жана жасайт деп айтамын» дейт.

Биз да мындай дейбиз: Эй акмактардын акмагынан да акмакташкан мас акмак!

Башыңды "табият" сазынан чыгар, айлананды кара; атомдордон баштап жылдыздарга чейин бүткүл жаратылгандар, Сани-и Зулжалалдын бар болгонуна түркүн-түркүн тил менен ишарат беришкенин жапррна Анын барлыгына бирден күбө болушканын бил. Айтылып өткөн мисалдагы ак сарай сыяктуу ушул ааламды курган жана мисалдагы дептерге окшош табиятта ааламдын программасын жазган Наккаш-ы Эзелинин чагылуусу болгон далилдерди көр, токтомуна көңүл бур, Кур'анды ук, ошол тантык сөздөрдөн кутул!

Экинчи мисал: Абдан жапайы бир адам укмуштай чоң аскер жайына кирет. Абдан тартиптүү бир армиянын биргеликте алган таалимдерин кылган ирееттүү арекеттерин көрөт. Бир жоокердин кыймылы менен бир баталион, бир полк жана бир отряд өйдө турат, отурат жана кадам шилтейт. «Аткыла» буйругу менен бардык аскерлердин мылтык атышкандарын көрөт. Бир командирдин мамлекеттин жана бир падышанын тартип мыйзамы боюнча башкарып жатышын анын орой, жапайы акылы түшүнбөй, аны жокко чыгарганынан «бул аскерлер бири-бирине жиптер менен байланган» деп ойлойт. Ошол жип канчалык укмуштуу бир жип экенин ойлонот, айран-таң калат.

Андан кийин, Аясофия сыяктуу абдан чоң бир мечитке, жума намазына кирет. Ошол мусулман жамааты бир адамдын үнү менен өйдө туруп, ийилип саждага жыгылып отургандарын көрөт. Кудайдын буйруктарынан болуп, асмандан келген рухий мыйзамдардын топтолуусунан турган Шариатты жана рухий эрежеледи түшүнбөгөн адам ошол жамаат, материалдык жиптер менен байланды деп түшүнөт. Ошол ажайып жиптер намаз окугандарды туткундап кыймылдатканын ойлойт. Бул болсо эң жапайы жана жырткычтай болуп калган адамдарды да күлдүрө турган маскаралуу бир пикир менен чыгып кетет.

Мына так эле ушул мисал сыяктуу, Султаны-Эзел ва Абаддын чексиз көп аскерлеринин мисалда айтылгандай көркөмдүү казармасы (аскердик бөлүк), же болбосо мисалда өткөндөй ушул аалам Ма'буд-у Эзелинин тартиптүү бир мечити. Мына мисалдагыдай толугу менен жапайы, тануучу болгон материалист пикириндеги бир динсиз, казарма жана мечит эсебиндеги бул ааламга кирип карайт. Султан-ы Эзелинин акылмандуулук менен түзгөн бул ааламдын тартиптерин көрөт. Ааламдагы ар бир тартип же тең салмактуулуктун өзүнчө рухий мыйзамдары, закондору бар экенин билет. Материалисттик көз караш менен караганы үчүн ошол рухий (жердин тартуу мыйзамы сыяктуу) мыйзамдарды да материалдык зат деп ойлойт. Кантсе да бул ааламда Салтанат-ы Рубубияттын денеси жок, көрүнбөгөн мыйзамдары бар жана ошол Маыбуд-у Эзелинин жалпы табигый мыйзамдары, эрежелери бар. Ошол табигый мыйзамдар, эрежелер; жалгыз гана илим менен бардыгы кабыл кылынган, (суунун көтөрүү мыйзамы сыяктуу) көзгө көрүнбөгөн денеси жок рухий нерселер. Материалисттер болсо бул рухий мыйзамдардын ар биринин бирден өзүнчө жана материалдык бир денеси бар деп ойлойт. Чынында ааламдагы бардык табигый мыйзамдар Алланын илим жана калам* сыпаттарынан келген. Табигый мыйзамдар болсо жалгыз гана илим менен бардыгы билинген материалы жок кыймылдар. Материалист ой боюнча Алланын кудуретин кабыл кылбай туруп анын ордуна табигый мыйзамдардын өзүн башкаруучу деп кабыл кылуу. Андан кийин ошол табигый мыйзамдарга жаратуучулук касиетин ыйгаруу. Андан кийин ошол мыйзамдарга "табият*" деп ат коюу. Ошондой эле жалгыз гана бир Кудурет-и Раббаниенин шооласы болгон кубаттын өзүн кудурет ээси деп жана көз карандысыз бир күч деп ойлоо; бул болсо жанагы мисалдагы жапайылыктан миң эсе төмөн бир жапайылык болот!

Бир сөз менен айтканда материалисттердин кыялындагы жалган жана акыйкатсыз, 'табият' деп айтышкан нерсе боло турган болсо жана жарыкка чыккан бир кыймыл ээси болсо араң эле бир чебер болор, Чеберчи боло албайт. Бир оймо-чийме болор, Оймочу боло албайт. Өкүм болор, Аким боло албайт. Жаратылыш мыйзамдары болор, мыйзам түзүүчү боло албайт. Алланын ыззатына бир парда болуу үчүн жаратылган болор, Жаратуучу боло албайт. Башкасынын таасири менен арекет кылган бир жаратылыш болор, Жаратуучу, Кыймыл берүүчү боло албайт. Мыйзам болыр кудурет эмес, Кудурет ээси боло албайт. Бир сызгыч болыр бирок Сызуучу боло албайт.

Корутунду . Кандай болсо да макулуктар бар. Башта айтылып өткөндөй макулук- тардын пайда болуусуна акыл боюнча төрт жолдон башка жолду ойлоого болбойт. Ошол төрт жолдун үчөөсү, ар биринин үч көрүнөө менен акылга сыйгыс жана жаңылыш болгондугу шексиз түрдө далилденди. Андай болсо албетте, талашсыз түрдө жана сөзсүз төртүнчү жол болгон Вахдет жолу дапдаана түрдө далилденген болот. Ошол төртүнчү жол болсо баштагы:

аяты шексиз жана күмөнсүз, апачык даражада Зат-ы Важиб-ул Вужуддун Кудай болгондугун жана ар нерсе түздөн-түз Кудайдын кудурети менен пайда болгондугун ошондой эле асман менен жер башкаруусунда болгондугун көрсөтүүдө.

Эй ааламдагы макулуктардын түркүн себептер менен же табият аркылуу же болбосо өзүнөн өзү пайда болушун кабыл кылган бечара адам !

Ар нерсенин бир өзүнчө табияты бар. Ар нерсенин табияты да өзүндөй жаратылган. Анткени ошол макулуктун табияты да көркөм-чыгарма жана жаңыдан пайда болууда. Ошондой эле пайда болгон ар бир макулук сыйяктуу көрүнүштөгү себеби дагы көркөмдүү. Ар бир заттын денесин куруу үчүн абдан көп курал-жабдыктар керек. Андай болсо, бул табиятты жараткан жана себепчини жараткан бир Кадири-и Мутлак бар. Анан ошол Кадири-и Мутлак Рубубиятина жана жаратуусуна алсыз нерселерди шерик кылууга кандай муктаждыгы бар? Бул мүмкүн эмес!. Түздөн түз макулуктарды себепчиси менен бирге жаратып, ысым- дарынын шооласын жана акылмандуулугун көрсөтүү үчүн бир тартип жана ирээттөө менен көрүнүштөгү бир себепкердик, бири бирине жарашкандык берген. Анткени макулуктарда көрүнгөн кемчиликтерге, ырайымсыздыктарга жана жетишпес- тиктерге себептерди жана табиятты кайрылуу жайы болуу үчүн Өз кудурет колуна парда кылып, ыззатын ошол түрдө сактаган. Мисал катары бир саатчы биринчиден сааттын чыгырыктарын жаса- сын, кийин ошол чыгырыктар менен саатты түзүп ирээтке келтирип куруусу оңоюраакпы... же болбосо ошол чыгырык- тардын ичинде биринчи саат жасай турган укмуштуу бир станокту жасасын, андан кийин сааттын жасалуусун ошол жансыз станокко таштап, жасалышын андан талап кылуусу оңоюраакпы? Кызык, бул экинчи пикир мүмкүнчүлүктүн тышында эмеспи? Саатты жасоо оңойбу же саат жасоочу станокту жасап ага саатты жасатуу оңойбу? Кана, ошол ынсапсыз акылың менен сен сүйлө, сен аким бол!

Же болбосо, бир жазуучу сыя, калем, кагаз алып келди дейли. Ошолор менен өзү бир китеп жазса оңойбу... же болбосо ошол кагаз, сыя, калемдин ичинде ошол китептен дагы чебердүү жана дагы машакаттуу, жалгыз ошол китеп үчүн бир жазуу машинасын жасасын, андан кийин ошол аң-сезимсиз машинага «Кана эми сен жаз» деп айтсын да өзү кийлигишпегени оңоюраакпы? Эми бул жазуу машынасын жасап ага жаздыруу өзү китеп жазуусунан жүз эсе мүшкүл эмеспи?

Эгер айтсаң: Ооба, бир китепти жазган машинанын жасалуусу ошол китептен жүз эсе кыйын. Бирок, ошол машинкага карата кандайдыр бир жеңилдик болор, бул машинка ошол эле көптөгөн китеп басууга абдан жеңилдик берет. Китептердин көп нускада басылып чыгарылуусунун каражатыдыр?

жооп : Наккаш-ы Эзели (түбөлүктүү сүрөтчү) чексиз кудурети менен чексиз жилве-и Эсмасын (Өзүнүн аттарын чагылууларын) ар убакыт жаңыландыруу менен, түркүн-түркүн формаларда (көрүнүштөрдө) көрсөтүү үчүн, макулук- тардагы айырмаларды жана жеке өң- түстөрдү ушундай бир ахыбалда жараткан, Самадани эч бир жазуу (өсүмдүк) жана Раббаний эч бир китеп (жаныбар) башка китептин (жаныбардын) такыр окшошу табылбайт. Сөзсүз түрдө, башка маанилерди белгилөө үчүн бүткүл китептер (макулуктар) бөлөк өң-түстө болот.

Эгерде көзүң бар болсо адамдын жүзүнө карап көр; Адам Атанын заманынан бүгүнкүгө чейин, керек болсо түбөлүккө чейин адамдардын жүзүндө, негизги мүчөлөрү бир болсо да ар бир адамдын жүзү бүткүл адамдардын жүздөрүнө салыштырылса ар бири үчүн бирден айырмасы бар экени дапдаана көрүнөт. Ошондуктан ар бир жүз башка бир китеп. Бир гана беттин тамгаларын жоктон ыраатталуусу үчүн бир устаканада өзүнчө бир жазуу комплектти, өзүнчө бир тартип жана өзүнчө бир чыгарма жазуу талап кылынат. Ошол китептин материалдарын да алып келүү, дагы аларды орноштуруу, дагы да китептин басылуусуна керек болгон бардык нерсени даярдоо үчүн таптакыр башка устакана талап кылат. Мейли, табиятты бир басмакана деп эсептейли. Бирок, бир басмаканага тийиш болгон ырааттоо жана басуу, башкача айтканда белгиленген чыгарманын тамгаларын тартибин калыпка салуу керек. Андан да башка, ошол иретти жаратуудан жүз эсе мүшкүл болгон бир жандуу заттын денесиндеги элементтерди, ааламдын ар тарабынан атайын өлчөмдөр менен жана жекече бир тартип менен жаратуу, аларды алып-келип басмакананын (табияттын) колуна берүү үчүн дагы, кайра эле ошол басмакананы жараткан Кадири Мутлактын кудуретине жана эркине муктаж. Демек табиятты басмакана деген ой жүгүртүү таптакыр маанииз бир сандырактык болот

Мына бул мисалдагы саат жана китеп сыяктуу Сани-и Зулжалал (Кудуреттүү Жаратуучу) жана Кадир-и Күлли Шай (Ар нерсеге кудурети жеткен) себептерди жараткан, себептердин натыйжасы болгон макулуктарды да Өзү жаратат. Акыл- мандуулук менен натыйжалардын (жандуулардын) жаралуусун себептерге байланыштырууда. Ааламдын кыймыл-аракетинин тартибине тийиш Адетуллах мыйзамдарынан түзүлгөн Алланын жалпы табиятка койгон мыйзамдарынын бир чагылуусун жана заттардагы ошол чагылуусуна жалгыз бир күзгү болгон заттардын өз табиятын Алла өзүнүн эрки менен дайындаган. Ошол табияттын материалдык жагын кудурети менен жараткан жана макулуктарды да ошол табият үстүндө жаратып бири бирине аралаштырган. Кызык, абдан жакшы бир сүрөттө акылга сыйган жана чексиз далилдердин натыйжасы болгон, айтылып өткөн акыйкатты кабылдоо оңой эмеспи, мажбурдук даражасында зарыл эмеспи?

Же болбосо жансыз, аң-сезимсиз, жара- тылган жана чебердүү; ошол жөнөкөй себеп жана табият деп аталган материалдардын колуна, ар бир заттын пайда болуусуна керектүү чексиз жабдыктарды жана аспаптарды берип, акылмандуулук менен жана билип туруп жасалган иштерди себепке жана табиятка жасаттыруу оңоюраакпы? Сандырактык даражасында мүмкүнсүздүк эмеспи? Сенин ошол ынсапсыз акылындын ынсабына тапшырабыз.

Кудайга ишенбеген жана табиятпараст адам мындай дейт: "Макул мени ынсапка чакырып жатасың. Мен да мындай айтамын: Азыркы убакытка чейин жаңылыш баскан жолубуз жүз эсе акылга сыйгыс, ошондой эле абдан зыяндуу жана абдан жаман бир жол экенин мойнума алдым. Айтып өткөн далилдеринен кичинекей эле акылы бар болгон киши минтип түшүнөт: Себептер жаратты, табият жаратты деп айтуу акылга сыйгыс мүмкүнсүздүк. Ар затты түздөн түз Важиб-ул Вужуд жаратты деп айтуу зарыл жана шарт. «Алхамдулиллахи аылал иман» деп ыйман келтиремин.

Бирок бир шегим бар: Алла Тааланын жаратуучу экендигин кабыл этемин. Бирок, кээ бир кичине себептердин маанисиз нерселерди жаратууга кийлигишүүлөрү жана бир аз мактоону өздөрүнө буруулары Алланын Рубуиятынын султандыгына зыян келтиреби? Султандыгынан бир нерсе кемип калабы?

Жооп: Кээ бир китепчелерде далилдегенибиздей, башкаруучулуктун талабы кийлигишүүнү четке кагуудан турат. Жадагалса эң жөнөкөй аким же бир кызматкер башкаруучулугуна баласынын кийлигишүүсүн кабыл этпейт. Керек болсо акимиятына кийлигишүүсү мүмкүн деп ойлоп, кээ бир динди кармаган падышалар, Халифе болушса дагы, күнөөсүз уулдарын өлтүрүүлөрү бул «кийлигишүүнү четке кагуу мыйзамы» башкаруучулукта канча- лык негиздүү экендигин көрсөтүүдө. Бир айылда эки башкармадан баштап бир мамлекетте эки падышага чейин, башкаруучулуктагы эркиндиктин талабы болгон «шериктикке тыюу салуу мыйзамы» адамзат тарыхында абдан баш-аламандыкты алып келүү менен өз күчүн көрсөттү. Кызык, алсыз жана жардамга муктаж адамдардагы башкаруучулуктун жана акимчиликтин кандайдыр бир көлөкөсү, гана сезилет. Кийлигишүүнү четке кагууну, башкасынын аралашуусуна тыюу салууну, акимчилгинде шерикти кабыл этпөөнү жана мансабында ар дайым эркидигин абдан берилгендик менен сактоону караңызчы: андан кийин ар тараптуу башкаруучулук Рубубият даражасында, өзгөрбөс буйрук берүүчүлүк Улухият даражасында жана дайыма көз карандылык, Ахадият даражасында.... жана эч бир нерсеге муктаж болбоо, чексиз кудуреттүүлүк даражасында болгон бир Зат-ы Зулжалалда, бул кийлигишүүнү четке кагуу жана шериктикке тыюу салуу, шерикти кабыл кылбоо канчалык ошол башкаруучулуктун мажбурдуу бир талабы жана зарыл бир шарты болгонун салыштыра алсаң салыштыр.

Эми экинчи шегиң болсо: Эгерде кээ бирлер үчүн, кээ бир себептер кандайдыр бир даражада кайрылуу нерсеси болсо бүт жаратылгандардын, атомдордон жылдыздарга чейин Зат-ы Важиб-ул Вужудга болгон ибадаттарынан жана шүгүрлөрүнөн кандай кемчилик болот. жооп: Ушул ааламдын Акылман Жаратуучусу, ааламды бир дарак сыяктуу жаратып эң сонун мөмөсү кылып аң-сезимдүүлөрдү жараткан жана аң-сезимдүүлөрдүн ичинде маңыздуусу адамзатты жараткан. Инсандын эң маанилүү, атүгүл адамзаттын жаратылуу- сунун натыйжасы, жаратылышынын максаты жана жашоосунун түшүмү шүкүр менен ибаадат; ошол чексиз акылман жана Өз алдынча буйрук берген Алла, өзүн сүйдүрүү жана тааныттыруу үчүн бул ааламды жараткан. Ошол Вахиди Ахад болгон Алла бүткүл ааламдын мөмөсү болгон адамды жана адамдын эң жогорку мөмөсү болгон шүгүр менен ибаадатты башка себептерге тапшырышы мүмкүнбү? Жаратуу максатын жана аалам мөмөсүн курулай, жөнү жок эле жасамак беле? анын акылмандуулугуна карама-каршы болмок беле? Эч качан мүмкүн эмес...

Ошондой эле, акылмандуулугун жана Рубубиятын2 жокко чыгарттырган бир түрдө макулуктардын башка нерселерге ибаадат кылуусуна ыраазы болобу, уруксат бериши мүмкүнбү?

Анан ошондой эле чексиз даражада өзүн сүйдүрүү жана тааныттыруу үчүн кыймыл-арекеттерди көзүбүзгө көрсөтүп туруп, өтө кемчиликсиз макулуктардын шүгүрлөрүн, ыраазычылыгын, өзүн сүйдүрүүлөрүн жана кулчулуктарын башка себептерге тапшыруусу менен өзүн унуттуруп, ааламдагы улуу максаттарын жокко чыгарттырабы? Эй материалисттик ойдон баш тарткан дос!

Кана сен айт! Ал мындай дейт:

Кудайга шүгүр, бул эки шегимдин жообу чечилүү менен бирге Алланын бир экендигине, Мабуд-у билхак1 Ал болгонуна жана Алладан башкалары ибаадатка ылайык болбогонуна тийиштүү; ушунчалык жаркырак жана күчтүү эки далил көрсөттүң, аларды жокко чыгаруу күндү жана күндүздү жокко чыгаруу сыяктуу менменсинүү болот.

СОҢКУ СӨЗ

Табият деген материалисттик пикирди таштаган жана ыйманга келген адам мындый дейт: Кудайга шүгүр, менин шек-күмөндөрүм түгөндү. Бирок, мени кызыктырган бир нече суроо бар.

Биринчи суроо: Көп эле жалкоолордон жана намаз окубагандардан "Кур'анда абдан катуу жана кайра кайра эскертүү менен ибаадатты кылбаган адамды кыйнап, тозок сыяктуу коркунучтуу бир жаза менен коркутууда: эми Алла Тааланын биздин ибаадатыбызга эмне муктаждыгы бар? Маанисиз бир кичинекей катага абдан катуулук көрсөтүү, акылмандуу, туура, адилеттүү Кур'андын баянына кантип жарашат?" дегенди угуудабыз;

Жооп: Ооба, Алла Таала сенин ибаадатыңа, керек болсо эч бир нерсеге муктаж эмес. Бирок сен, ибаадатка муктажсын, анткени рухий түрдө оорулусуң. Ибаадат болсо рухий жараларга дары сыяктуу болгондугу көптөгөн китептерде далилденген. Эгерде кандайдыр бир оорулуу адамга, ошол оорусу тууралуу, бир мээримдүү доктордун пайдалуу дарыларды ичирүү үчүн катуу аракетине каршы, ал оорулуу адам докторго: "Сенин эмне муктаждыгың бар, мага бул дарыларды ичирүүгө көшөрүп арекеттенесин" -десе. Ошондо сен бул сөз канчалык маанисиз болгонун түшүнөсүң. Бирок, Кур'андын, ибаадатты таштоо жөнүндө катуу эскертүүлөрү жана коркунучтуу жазаларынын себеби болсо, Кандайдыр бир падыша, кол астындагылардын укугун коргоо максатында, карапайым бир адамдын бир катасы үчүн катуу жазага тартат. Так эле ошондойчо, ибаадатты жана намазды таштаган адам, Султан-ы Эзел ва Абаддын1 кол астындагы эли эсебинде болгон жандуулардын укугуна кол салуу менен рухий түрдө зулумдук кылат. Анткени, жандуулардын зикири жана ибаадаттары Саниыге багытталгандыктан жарыкка чыгып толук жетилип өркүндөйт, кемтиксиздикке жетет. Ибаадатты таштаган адам бүткүл макулуктардын ибаадатын көрбөйт жана көрө албайт, ошондуктан кабыл кылбайт. Анда ибаадат жана зикир жагында жогорку мартабада турган, ар бири бирден мектуб-у Самадани2 жана Алланын ысымдарын чагылдырган бүткүл макулуктарды улуу мартабаларынан түшүрөт да, аларды маанисиз, жансыз, милдетсиз, ыраатсыз катарында баалайт. Ушул көз караш менен карагандыгы үчүн бүткүл макулуктарга акаарат кылат, маңыздуулугун танат жана зулумдук кылат.

Ооба, ар ким ааламды өзүнүн көз карашы менен көрөт. Алла Таала адамды аалам үчүн бир салыштыруу, бир өлчөм түрүндө жараткан. Ар бир адам үчүн бул ааламдан жекече бир аалам берген. Ошол ааламдын түсүн ошол адамдын жүрөгүн- дөгү ишеничке жараша көрсөтүүдө. Мисалы, абдан үмүтсүз жана кайгылуу болуп ыйлаган бир адам бүткүл макулуктарды ыйлаган ахыбалда жана үмүтсүз түрдө көрөт. Абдан кубанычтуу жана кубанычынын көптүгүнөн күлгөн бир адам, ааламды кубанычтуу, күлүп тургандай көргөнүндөй эле, терең ойлонуп дыккаттуулук менен жана токтоо бир түрдө ибаадат жана зикир кылган адам, бүткүл макулуктардын шексиз жана чынында эле бар болгон ибаадаттарын жана зикирлерин кандайдыр бир даражада ачат жана көрөт. Кайдыгерлик менен жана жокко чыгаруу менен ибадатты таштаган адам. бүткүл макулуктарды маңыздуулугунун акыйкатына толугу менен терс, каршы жана ката бир түрдө жоромолдойт жана рухий түрдө алардын укугун тепселейт.

Ошондой эле, ошол намазды таштаган адам, өзүнө өзү ээ болбогондугу үчүн, өзүнүн ээсинин (Алланын) бир кулу болгон өз денесине зулумдук кылат. Анын ээси(Алла) ошол кулунун акысын, анын нафси аммарасинен1 алуу үчүн абдан катуу эскертүү менен коркутат.

Ошондой эле жаратылышынын натыйжасы жана жашоосунун максаты болгон ибаадатты таштаганы үчүн Алланын акылмандуулугуна жана Раббаний максаттарга кол салуу эсебине өтөт. Ошол үчүн жазага тартылат .

Жыйынтык:Ибаадатты таштаган адам, өзүнүн табиятына (анын табияты-нафси) зулумдук кылат, -өзү болсо, Алла Тааланын кулу жана кызматкери, ошондой эле бүткүл аламдын маңыздуулугунун укугуна каршы зулумдук жана кол салуу болот. Ооба, атеизм макулуктарга каршы бир кордоо болгондой, ибадатты таштоо дагы ааламдын жетишкендиктерин тануу болот. Ошондой эле, Алланын акылмандуулугуна кол салуу болгону үчүн коркунучтуу эскертүүгө, катуу жазага татыктуу болот.

Мына бул татыктуу жазаны туюндуруу жана айтылып өткөн акыйкатты түшүндүрүү үчүн, Куран-ы Мужиз-ул Баян; кереметтүү бир түрдө ошол катуу түшүндүрүү ыкмасын тандап алып, дапдаана жетишкендиктин чындыгы болгон абалдын талабына ылайык түрдө түшүндүрүүдө.

Экинчн суроо: Табият жаратты пикиринен баш тарткан жана ыйманга келген адам мындай дейт:

Ар бир зат, ар бир ишин, ар бир абалында жана ар бир абалына карата Алланын каалоосуна жана кудуретине баш ийгени абдан эбегейсиз чоң бир акыйкат болуп эсептелет. Ошондой эбегейсиз чоңдугуна биздин тайкы акылыбыз жетпейт. А чынында көзүбүз менен көргөн бул чексиз даражадагы молчулук, жаратылыш жана макулуктардын жаратылуусундагы чексиз жеңилдик. Ары айтылып өткөн далилдериңиз менен чечилген вахдат жолундагы макулуктарды жаратууда абдан жеңилдик жана абдан оңойлук бар. Ошондой эле Кур'анда атайын баян кылынган.

сыяктуу аяттардын апачык көрсөтүүсү менен заттардын жаратылышы абдан жеңил. Ошол улуу акыйкатты эн жагымдуу жана акылдуулук менен иштелген маселе болгондугун көрсөтүүдө. Эми бул жеңилдиктин сыры жана акылмандуулугу эмнеде?

Жооп: Жыйырманчы Каттын Онунчу Сөзү болгон

баянында ошол сыр абдан ачык, даана баян кылынган. Айрыкча ошол китепченин кошумчасында андан да ачыгыраак бир түрдө далилденген. Ал мындайча: Бүткүл заттардын жаратылышы, Сани-и Вахидге ыйгарылган убакыт, бир гана заттын жаратылышы сыяктуу ыңгайлашат. Эгер Вахид-и Ахадга ыйгарылбаса, бир гана макулуктун жаратылуусу бүткүл макулук- тарчалык кыйынга турат жана дагы бир данектин жаратылуусу бир даракчалык мүшкүлдүү болот.

Эгерде Сани-и Хакикиге ыйгарылса, аалам бир дарак сыяктуу, дарак бир данек сыяктуу, ошондой эле бейиш бир жаз мезгилинин келүүсү өңдүү, жаз мезгили бир гүлдүн жаратылуусу сыяктуу оңой жана жеңил болот. Көзүбүз менен көргөн жаратылыштагы чексиз көп молчулуктун, төгүн-чачындыктын жана макулуктардын ар бир тобун оңойлук менен көптөгөн санда пайда болуусу. Анан дагы булар абдан ылдамдык жана жеңилдик менен тартиптүү, чебердүү, кымбат заттар оңой эле пайда болууда. Бул оңойлуктун сырларына тийиштүү жана акылман- дуулуктары көрсөткөн жүздөгөн далилдер бар. Башка чыгармаларда ачык түрдө баян кылынган бир эки далилди кыскача түшүндүрөбүз.

Мисалы, бир аскерди жүз командирдин башкаруусуна берилүүсү кыйын, бирок жүз аскер бир командирдин башкаруусуна берилсе жүз эсе оңой ошондой эле, бир армиянын аскердик курал-жабдыктары бир борбор, бир мыйзам, бир завод жана бир падышанын буйругу менен жасалган учурда, бир армиянын жабдыктануусу бир аскерди жабдыктаган сыңары жеңилдеп калат. Ошондой эле бөлөк борборлор, бөлөк заводдор, бөлөк командирлер бир аскерди жабдыктоосу үчүн бир армиянын жабдыктары канчалык болсо ошончолук санда көптөгөн мүшкүлдүктөр пайда болот. Анткени, бир гана аскердин курал-жабдыгы үчүн бир армияга керек болгон заводдордун бар болуусу тийиш.

Ошондой эле, жалгыз дарактын сыры менен бир тамырда, бир борбордо, бир мыйзам менен жашоосуна керектүү нерселер берилгендигинен, миңдеген мөмө берген ошол дарак бир мөмөдөй оңой болгону көз менен көрүнөт. Эгер жалгыздыктан көптүккө каралса, бөлөк тамырдан, бөлөк борбордон, бөлөк мыйзамдан ар бир мөмөнүн жашоосуна керектүү нерселер башка жерден берилсе, ар бир мөмө бир дарактай мүшкүлдүктөрдү пайда кылат. Атүгүл дарактын бир программасы жана мазмууну болгон бир гана данек дагы ошол даракчалык мүшкүлдүү болот. Анткени бир дарактын жасоосуна керек болгон бүткүл нерселер бир тек данек үчүн да керек.

Мына бул мисалдар сыяктуу жүздөгөн мисалдар бар; жаратуучу бир деген жолдо, миңдеген макулук абдан оңойлук менен пайда болот; шериги бар жана көптөгөн жаратуучу болсо бир гана заттын пайда болушу миндеген заттан да кыйын болгондугун көрсөтүүдө. Башка чыгармаларда бул акыйкат эки жерде эки төрт деген деңгээлде далилденгени үчүн аларга таштап, бул жерде жалгыз оңойлук менен жеңилдиктин илим жана Алланын тагдыры жана Кудурет-и Раббаний назарында абдан маанилүү бир сырын баян кылабыз, ошентип;

Сен бир макулуксуң. Эгер өзүңдү Кадир-и Эзелиге тапшырсаң, жок нерседен бир тал ширенке чаккандай, бир буйрук менен, чексиз кудурети менен сени бир заматта жаратат. Эгерде сен өзүңдү Алла жаратпады десең, матералдык себептер жана табият жаратты десең, анда сен ааламдын тартиптүү бир жыйынтыгы, мөмөсү, кичинекей мазмууну жана тизме барагы болгондугуңдан сени жасоо үчүн, ааламды жана элементтерди майда элек менен элеп ченемдүү өлчөмдөр менен ааламдын ар тарабынан сенин денеңдеги элементтерди топтоо керек. Анткени материалдык себептер жалгыз гана кошуп, түзөт. Алар өздөрүндө болгонду жок нерседен, жасай алышпаганы бүткүл акыл ээлерине маалым. Андай болсо кичинекей бир жандыктын денесин ааламдын ар тарабынан жыйноого мажбур болушат.

Мына жаратуучунун жалгыздыгына жана Аны бир кабыл кылууда канчалык оңойлук бар. Көп кудайлуулук ширк кылуу жана атеисттикте канчалык акылга сыйбоочулук бар болгонун түшүн.

Экинчиден Кудай илими жагынан чексиз бир оңойлук бар. Такыр айтканда Тагдыр;- Кудай илиминин бир түрү, тагдыр ар бир нерсенин рухий жана жеке калыпы эсебинде бир өлчөө дайындайт. Ошол тагдырдын өлчөөсү, ал нерсенин пайда болуусуна бир план, бир модел эсебинде өтөт. Кудурет жараткан учурда, өтө оңойлук менен, ошол тагдырдн өлчөөсү үстүндө жаратат. Эгерде ошол нерсе, жалпы жана Түбөлүктүү бир илимдин ээси болгон Кадир-и Зулжалалга ыйгарылбаса, жогорудо айтылгандай миндеген мүшкүлдөр эмес, жүз мүмкүнсүздүк майданга чыгат. Себеби, ошол тагдырдын жана илимдин өлчөөсү болбосо, миндеген сырткы жана материалдык калыптарды (шаблон), кичинекей бир жандыктын денесинде колдонуу керек болот

Мына жаратуучунун жалгыздыгына же бирден бирдигине чексиз оңойлук бар. Көп кудайлуулук жана атеисттикте канчалык акылга сыйбоочулук бар болгонун түшүн.

аяты канчалык акыйкаттуу жана туура жана бийик бир акыйкатты түшүндүргөнүн бил!

Үчүнчү суроо: Мурда душман, эми дос болуп ыйманга келген адам: Бул заманда алдыга кеткен философтор мындай айтышат;" жоктон эч бир нерсе жаратылбайт жана эч бир нерсе жок кылынбайт; жалгыз гана бир түзүлүш, бир бузулуш менен өзгөрүүлөр болуп, ошолор аалам фабрикасын иштеттирүүдө,- дейт.

Жооп: Макулуктарга Кур'андын нуру (назары) менен карабаган философтордун эң кыйындары табият жана себептер аркылуу бул макулуктардын түзүлүүлөрүн жана пайда болууларын -баягы далилдеп кеткенибиздей- мүмкүнсүздүк даража- сында мүшкүлдүү экенин көрүшүп эки топко (группага) бөлүнүштү.

Бир бөлүгү Софистер болуп, адамдын касиети болгон акылдан баш тартып, акмак айбандардан да төмөнкү даражага түшүп, ааламдын бар экенин жокко чыгарууну, атүгүл өздөрүнүн денелерин жокко чыгарууну оңой кабыл кылышты. Себеби, бул пикирлерди материалистик ой боюнча, себептер жана табияттын жаратуучу болгонун кабыл кылыштан көрө өздөрүн да ааламды да жок деп айтып абдан караңгы бир абалга түшүшүптүр.

Философтордун экинчи бөлүгү атеизмде, себептер жана табият жаратуучу болуу жагында, бир чымындын жана бир данектин жаралуусу үчүн чексиз мүшкүлдөр бар, ошолордун жаралуусу үчүн акыл жеткис бир күч керек. Ошол үчүн, мажбур болушуп, жаратууну танышып, «жоктон бар болбойт» деп айтышат. Анан дагы жок болууну да мүмкүнсүз деп «бар зат жок болбойт» деп чечим чыгарышууда. Жалгыз гана, атомдордун кыймылдары менен, кокустук шамалдары менен бир тизилиш, бир бузулуш жана бир жыйналуу, бир таралуу түрүндө өтүүчү абалга кирет деп пикир кылып жатышат.

Эми сен кара, акмактыктын жана караңгылыктын эң төмөнкү даражасында болуп, өзүн эң жогорку акылдуу деп ойлогон адамдарды көргүн, жана атеизм адамды канчалык маскара, төмөн жана караңгы кылганын бил, үлгү ал!

Ооба, ар жылда төрт жүз миң түр өсүмдүк жана жаныбарды күтүүсүздөн жер жүзүндө жараткан. Анан дагы асман менен жерди алты күндө жараткан. Ошондой эле алты аптада ар бир жаз көктөмүндө ааламдан дагы чебердүү, акылмандуу, тирүү бир табиятты курган бир Түбөлүктүү Кудурет бар. Ошол Түбөлүктүү Кудурет, Түбөлүктүү Илими менен пландары жана өлчөмдөрү белгиленген, Өзүнүн илиминде бар болуп денеси жок болгон макулуктарды жара- туусу төмөнкү мисалдай жеңил; Кандайдыр бир химиялык калемсап менен жазылып көзгө көрүнбөгөн жазууну химиялык зат сүртүп көрсөткөндөй абдан оңой. Эми, материалдык денеси жок болуп Кудайдын илиминде бар болгон нерселердин материалдык денесин пайда кылууну жогордо айтылгандай ошол Түбөлүктүү Кудурет ээси болгон Алладан узак көрүү жана жаратууну тануу ушунчалык бир караңгы; биринчи бөлүктөгү айтылган Софестаилерден да акмакчылык жана караңгычылык болот. Бул акылсыздар, толук алсыз жана чектелүү гана бир эрктен башка колдорунда болбогон; Фараондошкон философтор, өздөрү эч бир нерсени жок кыла алышпайт. Ошондой эле эч бир атомду, эч бир затты жоктон жарата алышпайт. Ошолор менен кошо, Философтор ишенишкен себептер жана табият, бир затты жоктон бар кыла алышпагандыгы үчүн, акмактыктарынан мындай дешүүдө: «Жоктон бар болбойт, бар да жок болбойт» деп бул жаңылыш жана ката болгон принциптин ичине, чексиз Кудуретүү болгон Алланы да кошкулары келет.

Ооба, Кадир-и Зулжалалдын эки түрдө жаратуусу бар.

Бирөөсү; ихтира жана ибда менен; башкача айтканда, эч нерселиктен, жоктон жаратат жана ага керектүү бардык нерселерди да жоктон жаратып колуна берүүдө.

Экинчиси; инша менен, санат менен. Башкача айтканда чексиз акылмандуулугун жана көптөгөн ысымдарынын чагылууларын көрсөтүү сыяктуу, абдан кылдаттуу сырлар үчүн ааламдын (топурак, суу, аба, жарык, ж.б.у.с.) элементтеринен бир бөлүк макулуктарды курууда. Ар бир буйругуна баш ийген атомдорду жана материалдарды Раззакият мыйзамы менен ал макулуктарга жиберет жана аларда иштетет. Ооба чексиз Кудурет ээси болгон Алланын, ары жоктон жаратуу ары башка нерселерден куруу ыкмасында эки түр жаратуусу бар. Барды жок кылуу жана жокту бар кылуу; эң оңой, эң жеңил, керек болсо ар дайым аткарган жалпы бир мыйзамы. Бир жаз көктөмүндө үч жүз мин түрдө жандуу макулуктардын кебетелерин, сыпаттарын, атүгүл атомдорунан башка бүткүл сапаттарын жана абалдарын жоктон жараткан бир кудуретке каршы «жокту бар кыла албайт» деген адам, жок болуусу керек!...

Табиятты жаратты пикирин таштаган жана акыйкатка өткөн адам мындай дейт: Алла Таалага атомдордун саны канча болсо ошончо шүгүрлөр, мактоолор айтамын, толук ыйманга жеттим; бузукулуктан жана адашкандыктан кутулдум; эч бир күмөн саноом да калган жок.

СӨЗДҮК

Аясофия: Истанбулдагы биринчи чиркөө болуп 1453 жылында Осмон эмпериясынын падышасы бул чоң чиркөөнү өз акчасы менен сатып алган. Азыр Станбулда куполу өтө чоң бир музей болуп турат.

Важибул Вужуд: Сөзсүз бар болгон, жок болушу мүмкүн эмес болгон Алла.

Вахиди Ахад: Өзүнө тең жана окшошу жок болуп бүткүн жетишкен сыпттарга ээ жана бир болгон Алла

Жыйырманчы кат: Алланы улуулугун жана кудуретин баян кылган башка бир китептин аты.

Фараон: Муса Пайгамбар заманындагы мен кудаймын деп чегинен ашкан арсар падыша

илим сыпаты: Алла Таала болгон жана боло турган ар нерсени билүүсү

Калам сыпаты: Алла Тааланын сөзү тамгадан, үндөн узак жана ыйык. Эзелки жана түбөлүктүү.

Сани-и Зулжалал: Ызат, улуулук жана айбаттуулук ээси болуп чеберчилик менен жараткан Алла.

Сани-и Вахид: Эч бир нерсеге окшобогон жана жараткан нерселери да бири биринене айырмалуу болгон Алла

Сани-и Хакики: Түздөн түз эч бир нерсеге муктаж болбостон ар бир нерсенин өзүнү, негизини жана бөлүктөрүнү жараткан Алла

Софист: Ааламдын жаратуучусун кабыл кылбоо үчүн ааламды да өзүнү да жок деп кабыл кылган сандырактык чылар.

Султаны Эзел жана Абад: Эзелкиден түбөлүккө чейин чыныгы күч, кудурет ээси жана бүткүл замандардын башкаруучусу болгон Алла.

Жаратылыш: өзү өзүнө же болбосо кокустуктан болгон

Илми Эзели: Ар дайым бар болуп башаты белгилүү болбогон, ар нерсени камтыган Алланын чексиз илими.

Кадири кулли шай: Бардык нерселерге кудурети жеткен жана кудурети чексиз болгон Алла.

Кадир-и Эзели: Түбөлүктү бар болуп чексиз Кудуреттүү болгон Алла.

Шемс-и Эзели: Түбөлүктү бар болуп ар нерсени нурландыруучу болгон Алла

Рубубият: Алла Тааланын ар бир заманда ар бир жерде, ар бир макулукка муктаж болгон нерселерди берүүсү, тарбия кылуусу жана азыктандыруусу абалы.

Наккаш-ы Эзели : Ар дайым бар жана ар дайым жаратып көчөттөгөн Алла

Шариат-ы фытрия-и кубра-и илахия: Алланын жалпы ааламга койгон табыгий мизандар. Ааламдагы кыймыл арекеттерди тартиптеген мыйзамдар

нефси аммара: Адамдын жаман жана шайтанын кызыктырууларына сөзсүз, күрөшпөстөн моюн сунуу абалы

Раббани: Алла Таалага тийиш жана байланыштуу

Самад: Ар нерсенин Аллага муктаж болуп Өзү эч нерсеге муктаж болбоосу

Самадани: Ар нерсенин Аллага муктаж болуп Өзү эч нерсеге муктаж болбогон Аллага тийиш.

Башыңды "табият" сазынан чыгар, айлананды кара; атомдордон баштап жылдыздарга чейин бүткүл жаратылгандар, Сани-и Зулжалалдын бар болгонуна түркүн-түркүн тил менен ишарат беришкенин жапрна Анын бар экендигине бирден күбө болушканын бил. Айтылып өткөн мисалдагы ак сарай сыяктуу ушул ааламды курган жана мисалдагы дептерге окшош табиятта ааламдын программасын жазган Наккаш-ы Эзелинин чагылуусу болгон далилдерди көр, токтомуна көңүл бур, Кур'анды ук, ошол тантык сөздөрдөн кутул!

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder